Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Ош шаарындагы «Интурист» мейманканасы сатылды


ОШ. Ош шаарындагы «Интурист» мейманканасы сатылды. Мамлекеттин тышкы карызын төлөө зарылдыгы мейманкананы сатуунун негизги себеби катары көрсөтүлгөн. Тактала элек маалыматтар боюнча, мейманкана 10 млн. сомго гана бааланып, Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Айдаровго сатылган. «Интурист» мейманканасы өзүн-өзү актап иштеп келаткан. Анда иштеген 84 адамга өз убагында эмгек акы төлөнчү. Мейманкана Оштогу түрдүү салык төлөмдөрүнөн карызы болбогон бирден-бир мекеме болчу. Аны сатпаш керектиги тууралуу эмгек жамаатынын өкмөткө, Жогорку Кеңешке, облус губернаторуна жазган каттары, облакимчиликтин алдында өткөргөн пикеттери эске алынган жок.

XS
SM
MD
LG