БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынында «Кыргыз Республикасында лоббисттик институтту өнүктүрүүнүн келечеги жана проблемалары» аттуу «тегерек үстөл» талкуусу өттү. АКШнын Улуттук демократиялык институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өткөн бул жыйында депутат Токтокан Боронбаева иштеп чыккан «Мамлекеттик бийлик органдарындагы лоббисттик ишмердүүлүктүн укуктук негиздери жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууланды. Палата депутаттары, президенттик администрациянын, өкмөттүн жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан бул талкууда негизинен «Кыргызстанда бүгүн бул институт керекпи-жокпу?» деген маселеге көңүл бурулду. Лоббисттикти жактаган тараптын турумуна караганда, мындай ишмердикти мыйзамдаштыруу зарыл. Анткени, ал элдин кызыкчылыгындагы мыйзамдарды кабыл алууга жана ар кыл багыттагы ишмердүүлүккө тоскоол болгон жашыруун аракеттерди четке кагат. Ал эми башка көз караштарга караганда, азыр жакырчылыктан чыга албай жаткан өлкө үчүн лоббисттик ишмердүүлүктү мыйзамдаштыруу эртелик кылат. Анткени, ал коррупциянын өнүгүшүн шартташы ыктымал.