“Тайванчик” деген ылакап атка конгон өзбек улутундагы россиялык жаран Алимжан Тохтахуновду Италиянын апелляциялык соту Кошмо Штаттарына өткөрүп бергенден баш тартты. Аны Солк-Лейк-Ситидеги олимпиада маалында мелдештин калыстар тобуна пара берип, муну менен көркөмдөп муз тебүү боюнча мелдештин натыйжаларына таасир көрсөткүсү келген деп эсептешет. АКШда ага каршы иш ачылган. Былтыр аны Венецияда кармап, камакка алышкан эле.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Эсенбай НУРУШЕВ, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Эсенбай НУРУШЕВ, Прага