Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

АКШнын атайын өкүлү Жакынкы Чыгышта сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө


Жон Вулф адегенде Израил өкмөтүнүн,андан соң палестин автономиясынын жетекчилиги менен эл аралык тынчтык планын жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулайт. Буга катарлаш палестин кабинетинин премьери Махмуд Аббас Газа тилкесинде экстремисттик палестин топторунун өкүлдөрү менен жолугушуп,аларды Израил менен жарашуу зарылдыгына көндүргөнгө аракет кылууда. Радикалдуу уюмдар,биринчи кезекте “Хамас” бул үчүн алды менен Израил палестин аймактарындагы аскерий операцияларын токтотууга тийиш деп эсептейт. Ал эми Израилдин парламенти болсо палестин бийликтери террорду токтотмоюнча алар менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн мааниси жок деп эсептеген премьер Ариэл Шарондун көз карашына колдоо билдирди.

XS
SM
MD
LG