Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:32

Президент Буштун айтымында, Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол берилбейт


АКШ президенти Жорж Буш 18-июнда Вашингтондогу Ак үйдө чыгып сүйлөп, Ирандын өзөктүк курал өндүрүүгө багытталган аракеттерин сынга алды. "Өзөктүк куралдын өндүрүлүшүнө биз жол бербейбиз",- деп билдирди Буш. Анын айтмында, эгер Иран өзөктүк куралга ээ болсо, андан өтө орчундуу коркунуч чыгат. Аны менен катар америкалык президент - Иранда акыркы күндөрдө болуп өткөн элдик демонстрацияларга колдоо билдирип, демократияны талап кылган элдин пикирин Иран өкмөтү эске алууга тийиш деген пикир айтты. Мындан эки күн мурда Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү боюнча өз тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG