АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд 18-июнда Вашингтон шаарында жыйын өткөрүп, Ирактагы куралдуу кагылышуулар бирин-серин гана жерлерде жүрүп жатканын жана алардын ар бирине 20 адамдан ашпаган ирактык жоокерлер катышканын айтты. Министрдин пикиринде, бул куралдуу каршылык жакын арада тыйылат, анткени ага кимдир бирөөлөр жетекчилик жасап жатканы аныктала элек. АКШ жетекчилиги 1-май күнү - Ирактагы негизги аскерий аракеттер аяктады деп жарыялагандан бери өлкөдө 50 америкалык аскер курман болду.