Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Ирандын оппозициядагы “Элдик можахеддер” куралдуу тобу тегерандык дипломаттарга кол салмакчы болушкан


Бул тууралуу Франциянын чалгындоо мекемесинин башчысы Пьер де Буске де Флориан билдирди. Мындан эки күн мурда француз коопсуздук күчтөрү “Халк-е мужахеддин” тобуна каршы рейд өткөрүп,анын 160тай тарапкерин кармашкан эле.Кармалгандардын 26сы абакта калды,калгандары кое берилди.Чалгындоо мекемесинин башчысы билдирген маалыматтар боюнча,уюмдун активисттери бүткүл дүйнө боюнча Ирандын дипломатиялык мекемелерине кол салуу иштерин пландаштырышкан. Президент Мохамад Хатами кечээ рейд үчүн француз өкмөтүнө ыраазылык билдирип,кармалган активисттерди Тегеранга өткөрүп берүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG