Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Грецияда бүгүн Европа союзунун саммити ачылат


Ага шаркеттин 15 мүчөсүнөн тышкары эмдиги жылы союзга кошулганы жаткан талапкер он өлкөнүн жетекчилери да чакырылган. Жыйын үч күнгө созулат жана анда мыйзамсыз иммиграция проблемасы талкууланат, ошондой эле союздун конституциясынын долбоору каралат. Акыркы маселе боюнча талкууларга талапкер өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышат. Жыйындын катышуучулары Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, Европа менен АКШнын мамилелерин да талкуулашат. Саммитин коопсуздугун камсыз кылганы он беш миң солдат жана полиция кызматкери тартылды.

XS
SM
MD
LG