Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:43

Багдадда бүгүн ирактык эки адамдын таажиясы болду


Ага катышкандар кур дүрмөт мылтыктарын аткылап, Американы алла-тааланын душманы деп аташты. Таажиясы өткөрүлгөн эки адам тең кечээки демонстрация маалында америкалык аскерлердин огунан мерт болушкан эле. Мындан тышкары ирак полициясы америкалык аскер командачылыгынын тапшырмасы боюнча кечээги окуяны иликтеп, териштирип жатат. Шаршемби күнү Багдадда коалициянын гуманитардык жардамдар кеңсеси аткыланган эле. Ал эмиСамарра шаарында дагы бир кеңседе бомба жарылып, бир ирак тургуну мерт кетти, 12 киши жарадар болду. Кечээ Иракта Саддам Хусейндин мурдагы катчысы Абид Хамид Махмуд ал-Тикрити кармалды. Ошол эле күнү Кошмо Штаттары Ирактагы кайра куруу иштерине жана калкка гуманитардык жардам иретинде 2,5 миллиард доллар ажырата тургандыгын жарыялады. Бүгүн Багдаддын четинде америкалык аскерлердин госпиталы аткыланып, бир солдат набыт болду, дагы үчөө жаракат алышты.

XS
SM
MD
LG