Акцияга чыккандар университеттин чеке-бакасына топтолуп, автомашиналардан үн чыгарып, керней-сурнайларын бапылдатып турушту. Кабарчылар ырасташкандай, демонстранттардын катары улам суюлуп баратат. Университеттен он беш чакырым жерде да манифестация болуп өттү. Демонстрациялардын айынан президент Хатамиге ылым санагандар менен диний консерваторлорду колдогон исламчылардын ортосунда мамиле курчуду. Хатами акцияга катышкандар өз пикирлерин эркин айтканга укуктуу экенин белгилеп, бирок мындан ашкере пайдалангысы келгендер мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш деп эскертти.