Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Өкмөт башчысы менен укук коргоочунун ортосундагы соту эртең уланат


БИШКЕК. Эртең Бишкек шаардык сотунда премьер-министр Николай Танаев менен Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун ортосундагы сот жараяны уланат. Премьер-министр Николай Танаевдин былтыр 9-сентябрда «Турсунбек Акун кайда болсо, ал жерде кан төгүү жана башаламандык болот» деген сөзү үчүн укук коргоочу Турсунбек Акун аны сотко берип, Н. Танаевден 1 млн. сом айыппул сураган. Бирок Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24-апрелдеги чечиминде Турсунбек Акундун арызын канааттандырган эмес. Укук коргоочунун апелляциялык арызы буга чейин шаардык сотто эки ирет каралды. Эртеңки сот жараянында күбө катары чакырылган Жолдош Асанов менен Сардарбек Боталиев «Турсунбек Акун чет элден грант катары акча алганбы же жокпу?» деген маселе боюнча көрсөтмө беришмекчи.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG