Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Жалалабадда облустук ички иштер башкармалыгынын коллегиясы болду


ЖАЛАЛАБАД. Коллегияда башкармалыктагы тартиптин начардыгы 15-майдагы жагдайга шарт түзгөндүгү айтылды. «Тартип сакчыларынын ишке кайдыгер мамилеси элдин бийликке ишенимин кетирүүдө» деп белгиленди. Беш айда 110 экономикалык, 105 баңги кылмышы катталган. Уюшкан кылмыштуулук, мал уурулук жана киши өлтүрүү көбөйгөн. Издөөдө жүргөн 539 кылмышкердин 73% гана кармалган. 15-майдагы окуяга байланыштуу 40 кызматкерге ар башка жаза берилген. «Кылмыштуу топторго тиешеси бар» деп шектелген 9 кызматкердин иши тергелүүдө. Жумуштун оордугу менен проблемалардын көптүгүнөн 69 кызматкер өз ыктыяры менен кызматтан бошогон. Айлык акы, суткалык оокат акылары убагында төлөнгөн эмес. Убактылуу кармоо жайлары жарым-жартылай каржыланып, 900 кылмышкерди түрмөлөргө жеткирүүгө күйүүчү май жок. Жыйында адистерди кайра аттестациялоо сунушу айтылды.

XS
SM
MD
LG