Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

«Фриидом Хауз» уюму Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги боюнча билдирүү таратты


БИШКЕК. Штаб-квартирасы Нью-Йоркто жайгашкан «Фриидом Хауз» уюму бүгүн билдирүү таратып, анда кадыр-барктуу эркин гезиттерди жаап, басылмаларга дайыма коркунуч келтирип жатканы үчүн кыргыз бийлигин сынга алды. Билдирүүдө Кыргызстандын жогорку кызматтагы бийлик адамдары гезиттерди сот аркылуу айыппулга жыгып, жарандардын маалымат алуу укугун чектеп жатканы белгиленген. Уюмдун жакында Кыргызстанга келип кеткен аткаруучу директору Женнифер Виндзор айым өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча тынчсызданганын билдирип, журналисттерди жана басылмаларды сотко берүүгө каршы өкмөттүн мораторий жарыялоосун туура деп эсептейт. Билдирүүдө премьер-министр Н. Танаевдин доо арызы менен 500 миң сомго, баары болуп 4 млн. сом айыпка жыгылган «Моя столица - новости» гезитинин айланасындагы кырдаал өзгөчө белгиленген. «Фриидом Хауздун» иликтөөсүнө ылайык быйыл Кыргызстан «басма сөзү эркин эмес» деген өлкөлөрдүн катарына киргизилди. «Моя столицанын» айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча 16-июнда Гезиттердин дүйнөлүк ассоциациясы жана Редакторлордун дүйнөлүк форуму да кыргыз бийлигин сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG