Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Феликс Кулов «Арнамыс» партиясынын кийинки багытын ачыктады


БИШКЕК. Кыргызстандын президент Аскар Акаев баш болгон жетекчилиги жүргүзүп жаткан азыркы саясатты «Арнамыс» партиясы колдобойт. Мындан ары партия бийликке каршы ачык оппозициялык маанайда иш жүргүзөт. Бул тууралуу партиянын башчысы Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, бийликтин «Демократиялык кодекс» иштеп чыгуу, саясий күчтөрдүн жана жарандык коомдун катышуусунда «тегерек үстөл» өткөрүү өңдүү аракеттери чыныгы демократиялык өнүгүш үчүн эмес, көргөзмөлүүлүк үчүн жасалып жатат. Учурда түрмөдө отурган саясатчы Феликс Кулов мындай пикирин «Азаттык» радиосунун суроолоруна өз адвокаты аркылуу берген жообунда айткан. Ал жетектеген «Арнамыс» партиясы саясий багытын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу 17-июнда өзүнүн уставынын, программасынын жаңы долбоорлорун жарыялаган. Партия штабынан алынган маалыматка караганда, устав менен программанын жаңы долбоорлору июнь айынын этегинде өтөөрү болжолдонуп жаткан партия курултайында талкууланып, кабыл алынышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG