Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:50

«Оберондогу» жардыруудан жапа чеккен адам сотко кайрылды


БИШКЕК. 2002-жылдын 27-декабрында «Оберон» базарындагы 7 адамдын өмүрүн алып кеткен жарылуудан жапа чеккен Бишкек шаарынын тургуну, 1968-жылы туулган Исламбек Мамытов «Оберон» жоопкерчилиги чектелген коомун сотко берди. Алгачкы сот жараяны Бишкектин Свердлов райондук сотунда 23-июнда өтмөкчү. Исламбек Мамытовдун айтымында, жардыруунун кесепетинен ал II топтогу майып болуп калган жана 6 миң долларлык товарынын 4 миң долларлык бөлүгүнөн ажыраган. Алдыда болсо дагы бир операция турат.
«Жардыруудан менин бет түзүлүшүм таанылгыс болуп өзгөрүп, көзүм жакшы көрбөй калды. «Оберон» базарынын жүк сактоочу жайына тапшырган товарымдын да көпчүлүгүнөн кол жуудум», - дейт Исламбек Мамытов. «Оберон» фирмасы Исламбек Мамытовдун кырсыктан кийин дарыланышына жардамдашкан жана алгачкы операциялардын чыгымын көтөргөн.

XS
SM
MD
LG