Израилдин мурдагы премьер-министри Шимон Перес 19-июнда оппозициялык Жумушчу партиясынын төрагасы болуп шайланды. Израилде 2007-жылга белгиленген жалпы шайлоого көрсөтүлө турган талапкерин партия келерки жылдан баштап тандоого киришет. Мындан он жыл мурда Переске Палестина менен тынчтык келишимин түзгөнү үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган.