Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Латвия президенти бүгүн экинчи мөөнөткө шайланат

Латвия парламентинде бүгүн президенттик шайлоо өткөрүлөт. Бардык эксперттердин айтымында, азыркы президент Вайра Вике-Фрайберга айым төрт жылдык экинчи мөөнөткө кайра шайланууга тийиш. Ал үчүн парламенттеги 100 депутаттын кеминде элүү бири ага добуш бериш керек. Фрайберганын президенттик биринчи мөөнөтү 7-июлда аяктайт. Латвияда туулганы менен, Фрайберга негизинен чет өлкөлөрдө жашаган жана 1999-жылы президент болуп шайланаар алдында Канаданын Монреал университетинде профессор болуп иштеген. Ага эч ким атаандаш болуп шайлоого чыккан жок.
XS
SM
MD
LG