Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:23

Ирандык жарандар чет өлкөлөрдө өздөрүн өрттөөнү улантууда


Франция полициясы кечээ күнү Париж шаарында Иран оппозициясын колдогон дагы бир нече адамды камакка алды. Шейшемби күндөн тартып Францияда "Элдик мужахеддиндер" деп аталган ирандык уюмдун 160ка жакын мүчөсү кармалды жана ага каршылык билдирип, Франция жана башка өлкөлөрдө кеминде тогуз адам өзүн өзү өрттөөгө аракеттенди. 19-июнда эки адам Рим шаарында жана дагы бир киши Швейцариянын Берн шаарында өздөрүн өрттөп жиберишти. Кармалгандардын көпчүлүгү бошотулду, бирок алардын жетекчиси - Мариям Ражави аттуу аял дагы эле камакта. Франция коопсуздук кызматтарынын айтымында, уюм террор аракеттерин даярдап жаткан.

XS
SM
MD
LG