Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Латвиянын президенти жаңы төрт жылдык мөөнөткө мамлекет башчы болуп шайланды


100 депутаттан турган латыш парламентинин 88 мүчөсү Вайра Вике-Фрайберга айым үчүн добуш берип, алты киши ага каршы болушту. Байкоочулар алдын-ала эле Латвиянын азыркы президенти эч тоскоолдуксуз 2-мөөнөткө шайланаарын айтышкан. Фрайберга айым алгачкы төрт жылдык президенттик мөөнөтүн Латвиянын Европа Биримдиги менен НАТОго кошулушуна багыттап, максатына жете алды. Латвияда Евробиримдикке кошулуу боюнча референдум сентябрда өтөт, ошондой эле Балтика боюндагы өлкө НАТОго келээрки жылы кошулушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG