Түндүк Корея эгерде Бириккен улуттардын Коопсуздук Кеңеши Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасын талкуулай турган болсо, күтүүсүз катаал чараларды колдоноорун эскертти. Кошмо Штаттар Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын кайрадан жандантылган өзөктүк программасын айыптап, ал боюнча атайын билдирүү кабыл алышына аракет кылууда. Буга чейин Кытай менен Орусия АКШнын мындай аракеттерине каршы чыгышкан.