Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Европа Биримдигинин лидерлери болочок орток конституциянын долбоорун жактырышты


Грекияда чогулган саммитте Европа Биримдигинин лидерлери жана ага кошулаарына аз калган 10 өлкөнүн жетекчилери Биримдиктин орток конституция долбоорун негиз катары кабыл алууну макулдашышты. Бул тууралуу учурда Евробиримдикке төрагалык кылып жаткан Грекиянын премьер-министри Костас Симитис маалымдады:

- Европа Кеңеши өткөн аптада кабыл алынган конституция долбоорун жакында талкуулана баштачу болочок документтин негизи катары жактырды.

Симитистин айтымында, орток конституциянын тексти келээрки жылдын июнь айында Европарламент тарабынан биротоло бекитилиши керек. Орток документтин азыркы долбоорунда Европа Биримдигинин президентин, туруктуу иштей турган төрагалык кызматын, тышкы иштер министрлигин түзүү каралган. Европалык лидерлердин саммити өтүп жаткан Грекиянын Порто Каррас шаарында жүздөгөн антиглобалисттер менен анархисттер көчөгө чыгып, полиция менен кагылыша кеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG