БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүк саат өткөрүп, анда өлкөдөгү күч органдарынын абалы тууралуу маалымат угулду. Өкмөттүк саатка башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын биринчи орун басары Борис Полуэктов катышып, билдирүү жасашты. Ички иштер министринин маалыматына караганда, өткөн жылдын этегинде болгон «Оберондогу» жана майдагы «Бакай-банктын» Оштогу филиалындагы жардыруулардын бети ачылып, жардыруулар «Уйгур азаттык кыймылы» жана «Өзбекстан ислам кыймылы» тарабынан жасалганы аныкталды. Ал эми Борис Полуэктовдун билдирүүсү боюнча, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун өмүрүнө былтыр күзүндөгү кол салуу боюнча кылмыш иши ачыла элек. Бул багытта Улуттук коопсуздук кызматы 6 божомолдун негизинде иликтөө жүргүзүүдө.
Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандагы кылмыштуулук маселесин келерки жолу күздө карай турган болду. Мындан мурда ушундай эле өкмөттүк саат май айынын аягында өткөн.
Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандагы кылмыштуулук маселесин келерки жолу күздө карай турган болду. Мындан мурда ушундай эле өкмөттүк саат май айынын аягында өткөн.