Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Парламент «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоого каршы токтом кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Канаданын «Камеко» компаниясынын Кумтөр кенин реструктуризациялоо боюнча сунушуна макулдук бербөө жөнүндө токтом кабыл алышты. Ага ылайык Кыргызстандын Кумтөрдөгү 2/3 акциясын «Камекого» сатууга чек коюлду. Парламент жыйынына вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, каржы министринин биринчи орун басары, «Камеко» менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Эмирлан Төрөмырзаев, «Кумтөр оперейтинг компанинин» президенти Девид Льюис катышты. Эмирлан Төрөмырзаев «Камеконун» сунушун «Кыргызалтын» акционердик коому карап көргөнү менен, өкмөт сунушту иликтеп көрүүчү көз карандысыз юридикалык компания издеп жатканын билдирди. Депутат Өмүрбек Текебаев Кумтөрдүн канадалыктар сунуш кылгандай реструктуризацияланышын коррупция деп баалады.
«Камеко» компаниясы былтыр сентябрда кыргыз өкмөтүнүн Кумтөрдөгү акцияларынын 2/3 бөлүгүн, Финансы министрлигинин эсеби боюнча 56,7 млн. долларга, «Кыргызалтындын» эсеби боюнча - 170 млн. долларга сатууну сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG