КАРАКОЛ. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, депутаттар Жангороз Каниметов жана Ишенбай Молдоташев Ысыккөлдө «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынышына арналган салтанатка катышты. Мыйзамды кабыл алуунун максаты жана мааниси тууралуу палатанын билим берүү боюнча комитетинин төрагасы Жангороз Каниметов кеңири маалымат берди. Жыйында Касым Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен Абдыганы Эркебаевге жана Жангороз Каниметовго бул окуу жайынын ардактуу профессору деген наам берилди. Мындай ардактуу наамга жооп катары Абдыганы Эркебаев өзүнүн атынан 15 студентке 500 сомдон стипендия тапшырды.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов