Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:05

Райондук сот жер талашты сайлыктыктардын пайдасына чечти


ТОКМОК. Чүй райондук соту Сайлык айыл өкмөтүнүн 2249 жашоочусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясына карата берген доо арызын кароону кечээ аяктады. Мамлекеттик администрация 1996-жылы бул айыл өкмөтүнө таандык «Виноградарь» акционердик коомунун 664 гектарлык жүзүм аянтын «Апросах» болуп жакында кайра түзүлгөн «Бакай» акционердик коомуна өткөрүп берген. Ошол эле учурда Сайлыктын 2249 жашоосу өздөрүнө таандык 35 соткелик жер үлүштөрүнөн 11 соткеден гана алышып, калганын ала албай жүрүшөт. Жерге байланышкан бул маселе боюнча 2,5 жылдан бери 18 ирет сот болуп, бирок соттун жогорку инстанциялары маселени ар дайым «Бакай» акционердик коомунун пайдасына чечип келишкен. Жергиликтүү жашоочулардын акыркы арызына ылайык райондук сот жерди «Бакай» акционердик коомуна берүү тууралуу райондук администрациянын 1996-жылкы мамлекеттик актысын жокко чыгарды. Алынган маалыматка караганда, «Бакайдын» курамында 18 фирма бар жана алардын 86% - чет өлкөлүктөр.

XS
SM
MD
LG