БИШКЕК. «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо боюнча «Камеко» компаниясы сунуш кылган схемага чет элдик эки консультативдик фирма оң баа берди. Улуу Британиянын «CUTFIELD FREEMAN & Co Ltd» жана Канаданын «Strathona Mineral Services Limited» фирмалары быйыл май айында «Камеконун» кыргыз өкмөтүнө берген сунушун иликтеп көрүшүп, оң жыйынтыкка келишкен. Ал тууралуу бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги маалымат таратты. «CUTFIELD FREEMAN & Co Ltd» фирмасы «Камеко» сунуш кылган модель менен «Кумтөр» долбоору реструктуризацияланса, «Кыргызалтын» жана кыргыз өкмөтү канча нак акча алаарын, алтындын баасынын дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүшүнө жараша эсептеп чыккан. Талдоолор көрсөткөндөй, эгерде бир унций алтындын баасы 350 доллардан кем болбой турса гана кыргыз тарап реструктуризациядан пайда көрөт. Аталган фирманын болжолунда, келечекте бир унций алтын 320-335 доллардын айланасында гана болот. Канаданын «Strathona Mineral Services Limited» фирмасы болсо Кумтөрдөгү аз чыгым сарптап, көп пайда бере турган алтындын корун изилдеп чыккан. Ал «мындай алтындын кору 112 тоннага барабар жана Кумтөр мурдатан болжолдонуп келаткан таза кирешени берет» деген бүтүм чыгарган.