БИШКЕК. Оппозициянын лидери Феликс Кулов менен кошо былтыр 8-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан кесилип, катуу режимдеги түрмөдө жаза өтөп келген, «Түндүк» курулуш ишканасынын мурдагы жетекчиси Александр Гасанов эч жакка кетпеси тууралуу тилкат берип, абактан бошотулду. Мындай маалымат бүгүн «Арнамыс» партиясынан алынды.
Александр Гасанов «Феликс Кулов Чүй облусунун губернатору жана Бишкек шаарынын мэри болуп турган убакта казынадан алынган каражатты максатсыз пайдаланган» деген айып менен 6 жылга кесилип, үй мүлкү конфискацияланып, мамлекетке Феликс Кулов менен кошо 20 млн. сом кайтарып берүүгө милдеттүү болгон. Алгач ирет Александр Гасанов 2001-жылдын 23-мартында камакка алынган.