Ирандын жогорку жетекчилеринин бири, аятолла Мухаммад Язди кечээ күнү атайын билдирүү жасап, үстүбүздөгү аптада өлкөдө болуп өткөн элдик толкундоолордун катышуучулары катуу жазаланууга тийиш деп жарыялады. Иран өкмөтү элдик демонстрацияларды күч менен басып, үч жүзгө жакын адамды камакка алган. Нью-Йоркто жайгашкан "Хьюман Райтс Вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюм Иран жетекчиси аятолла Али Хаменеиге кайрылып, элге каршы күч колдонуу боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.