Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

АКШ мамлекеттик катчысы Израил жана Палестина жетекчилери менен жолукту


АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кечээ күнү Жакынкы Чыгышка келип, Израил жана Палестина автономиясынын премьер-министрлери менен жолугуп, жаңы тынчтык планын талкуулады. Ал план боюнча, 2005-жылы эгемендүү Палестина мамлекети түзүлүүгө тийиш жана жөөт аскерлери басылып алынган араб жерлеринен чыгарылыш керек. Пауэллдин айтымында, бошотулган араб жерлериндеги коопсуздук үчүн арабдар өздөрү жооптуу болгондо, террор аракеттерин жүргүзүүгө негиз жоголот: "Эгер биз бийликти өткөрсөк жана Газа аймагынын эли мурдагы турмуш кайтып келатканын, тартип үчүн алардын өздөрүнүн бийлиги жооптуу экенин көргөндө, менин оюмча, алардын ишеними артат жана “Хамас” же башка террордук уюмдардында - өз аракеттерин актоого негиз калбайт. Эң туура чечим - 'Жол картасын' ишке ашыруу жана тынчтык орнотуу багытында жылуу". Пауэлл Жакынкы Чыгышта жүргөндө, Рамалла шаарында куралдуу кагылышуу орун алып, бир жөөт курман болуп, дагы үч адам жарат алды, алардын экөө - америкалыктар.

XS
SM
MD
LG