БИШКЕК. «А. Акаевди отставкага кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын кезектеги жыйыны 25-июнда өтөт. Анын курамындагы Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун бүгүн билдиргендей, жыйында Кыргызстанда саясий, экономикалык реформаларды жүргүзүүнүн кыймыл тарабынан иштелип чыккан концепциясы кабыл алынмакчы. Андан соң концепция элдин сынына коюлуп, жер-жерлерде талкууланышы болжолдонууда. Кыймылдын бул жолку жыйынына Кыргызстан коммунисттик партиясынын башчысы Абсамат Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков катышаары күтүлөт. Буга чейин Үчүнчү элдик курултайдын экинчи этабы июль айында Ош облусуна караштуу Өзгөн же Каракулжа райондорунда өтөөрү аныкталган. Бирок, кайсы күндөрү өтө тургандыгы азырынча белгисиз. Бул курултайда кыймыл тарабынан иштелип чыккан концепция кабыл алынмакчы. Экинчи элдик курултай 2002-жылы июль айында Аксы районунун Кербен айылында, Үчүнчү элдик курултайдын биринчи этабы болсо быйыл январь айында Бишкекте өткөн. «А. Акаевди отставкага кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылына «Асаба» улуттук кайра жаралуу, «Эркин Кыргызстан», «Эркиндик», Кыргызстан коммунисттик партиялары кирет.
«А. Акаевди отставкага кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы кезектеги жыйынын өткөрмөк болду