Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Бүрсүгүнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы башталат


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын XVI сессиясы өз ишин баштайт. Палатанын маалымат кызматы кабарлагандай, сессиянын күн тартибине 40тан ашуун маселе коюлат. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары табигый кырсык кесепеттерин жоюуга байланыштуу маселелерди, жылуулук, отун-энергетика тармактарынын абалын, палата кабыл алган токтомдордун аткарылышын, республикадагы балык чарбасынын абалын, тышкы сооданы мамлекеттик жөнгө салууну ж.б. талкуулашат. Андан тышкары, сессияда Улуттук Банктын төрагасынын отчету угулуп, эл аралык 19 келишим ратификацияланат. Палата административдик-аймактык реформага байланыштуу маселелерди да талкуулайт.

XS
SM
MD
LG