Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Эртең тышкы иштер министри Украинага барат


БИШКЕК. Эртең Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов расмий иш сапары менен Украинага жөнөп кетет. Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, эки күндүк иш сапарынын учурунда Аскар Айтматов Украинанын тышкы иштер министри Анатолий Зленко менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы саясий кызматташтык маселелерин талкуулайт. Киевде Кыргызстан менен Украинанын өкмөттөрүнүн ортосунда эки документке кол коюлат. Кыргызстандын тышкы иштер министрин Украинанын президенти Леонид Кучманын кабыл алышы да күтүлүүдө. Быйыл март айында Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев иш сапары менен Украинада болуп, Украинанын Кыргызстанга 28 млн. доллар өлчөмүндөгү карызын төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

XS
SM
MD
LG