Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Ирандык студенттердин тобу парламенттен камактагы курбалдаштарынын тагдырына көңүл бурууну суранды


Студенттердин 20дай өкүлү парламентке соңку нааразылык акциялары учурунда камалган студенттердин бошотулушун талап кылып келишкен эле. Алардын эсебинде Тегеранда жана башка шаарларда акыркы саясий акциялар учурунда камалган 500дөй адамдын көпчүлүгү студенттер болушу мүмкүн. Ал эми өкмөт өкүлдөрүнүн ырастоосунда, камалган адамдардын саны 30тун тегерегинде. Иранда ушул айда 1999-жылдан берки эң ири демонстрациялар өттү. Алар өлкөнүн диний режимине да, өкмөтүнө да каршы багытталган.

XS
SM
MD
LG