Тегерандын ядролук дымагына тынчсыздануунун ордуна, Америка Кошмо Штаттары Иранга “кол салууга” даярдык көрүүдө деп ойлоо - бул “чындыкка коошпогон калп” деп билдирди АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл.
Билдирүү Иорданияда өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда жасалды.
Пауэллдин сөзүнчө, АКШ Ирандын террордук аракеттерди колдоосуна жана Тегерандын ар кандай ядролук куралдарды өнүктүрүү программасына каршы. Ал ошондой эле Вашингтон Ирандагы окуяларга көз салып турат жана сөз укугу үчүн күрөшкөн ирандыктарды колдойт деп кошумчалады.
Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан Кошмо Штаттары менен Иранды сабырдуулукка чакырды. “Эки өлкө мурда “жакшы кызматташкандыктан”, тараптар бир мунасага барарына ишенем деп билдирген мырза Аннан араб дүйнөсүндө белгилүү “Аш-Шарк ал-Авсат” гезитине берген интервьюда.