Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Израил-Палестин чатагы дагы үч палестиналыктын өмүрүн алды


Израилдик танк аткан снаряддан Газа тилкесинде палестиналык үч жаран набыт болгонун Палестин бийликтери маалымдады.
Палестиналык күбөнүн айтышынча, курман болгон үчөө - “Ал-Акса азаптуулары бригадасынын” мүчөлөрү. Бул бригада Палестина автономиясынын президенти Ясер Арафат башындагы “Фатх” улуттук кыймылы менен кызматташкан уюм саналат.
Израилдик танк палестиналыктарды атайылап атканбы, белгисиз.
Бул окуя Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракетине тескери таасир этиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG