Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Ысыккөлдө жугуштуу ооруларды алдын алуу чаралары көрүлүүдө


КАРАКОЛ. Облустук коркунучтуу оорулар бөлүмүнүн регионалдык борбору облустук санитардык-эпидемиологиялык станциясынын кызматкерлери менен бирдикте кооптуу деп эсептелген Аксы районундагы Жаңы-Арык, Каракол шаарына караштуу пристандагы дачалар жана пляждарды текшеришип, холера оорусун пайда кылуучу вибриондорго иликтөө жүргүзүштү. Дарыгерлердин айткандарына караганда, вибриондор коркунучтуу жана коркунучсуз деп бөлүнөт. Ысыккөлдөн табылган вибриондор анчалык коркунуч туудурбайт. Бирок ал сууда көпкө жатып калса коркунучтуу түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле, аталган борбордун адистери облустун дээрлик баардык аймактарында дүйнө элинин тынчын алып жаткан өнөгөсүз өпкө дарты тууралуу да түшүндүрүү иштерин колго алышты.

Кабарлар топтомун Бишкекте Бурулкан Турдубек кызы, Кубат Оторбаев даярдашты

Редактору – Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG