Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Энергетикалык кеңеш түзүлдү


ТАЛАС. Облустук адмнистрациянын өнөр-жай секторунан 23-июнь күнү алынган маалыматка караганда, июнь айынын биринчи жарымын кошуп эсептегенде Талас облусунун электр энергиясы үчүн карызы 200 млн сомдон ашып кетти. Ошондуктан калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында энергетикалык кеңеш түзүлүп, анын мүчөлөрү 4 район, 1 шаардын жетекчилери жана адистери менен кеңешмелерди өткөрө башташты. Бирок, элдин төлөй турган каражаты жок болгондуктан, карыз азайбай жатат. Айыл-кыштактарды жарым-жартылай өчүрүп коюу да натыйжа берген жок. Болгон үмүт күзгү бышыкчылыкта. 23-июнга карата, калк 23 күндө пайдаланган энергиясынын 42 пайызынын гана акчасын төлөй алды дейт «Түндүкэлектр» АКсынын облустагы жетекчиси Руслан Имамхаджаев.

XS
SM
MD
LG