Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Аманатчылар сотто утушка жетишти


БИШКЕК. Сегиз жылдык талаш-тартыштан кийин аманатчылар алгачкы ирет өз укуктарын сот аркылуу коргоого жетишти. Мындай билдирүү жасаган Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Асел Мамбеталиеванын дүйшөмбүдө парламент отурумунда билдиришинче, 1-Май райондук соту өткөн жума күнү өз чечимин аманатчылардын кызыкчылыгына чечип берди. 1995-жылы банкрот деп табылган «Инсан» банктын аманатчыларынын 30 өкүлүнүн сотко кайрылышына Улуттук банктын өзү дайындаган администраторго аманатчылардын каражатынын 5 пайызын кошумча сыйлык иретинде ыйгаруу тууралуу чечими негиз берген. Аманатчылардын коомдук кеңешчиси, депутат Марат Султановдун айтымында, Улуттук банк атайын администраторду дайындоого акысы бар, бирок, аларга сыйлык бериш-бербеш маселесин аманатчылар өздөрү гана чечиши керек. Улуттук банк банкротко учураган «Меркурий» жана «Курулуш» банктарына да өз эрежелеринин негизинде атайын администратор дайындаган. Депутаттардын айтымында, эгер, Улуттук банк мындай эрежелерин жокко чыгарбаса, аталган эки банк боюнча да аманатчылар сотко кайрылышат. Банкрот болгон банктар аманатчыларга учурда 140 миллион сом карыз.

XS
SM
MD
LG