Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

«Кыргыз өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын бириккен долбоору талкууга коюлду


БИШКЕК. 23-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын биргелешкен долбоорун беренелер боюнча талкуулоого киришти. Бул күнү депутаттар 47 беренеден турган долбоордун алгачкы 11 беренесин карап, алардын үчөөнө каршылык билдиришти. Кыргыз өкмөтү сунуш кылган долбоор өткөн аптанын башында талкууга коюлуп, бирок, салыктарга түзөтүү киргизүү укугунун өкмөткө берилишине жана өкмөт курамын парламент сынынан тизмелик тартипте өткөрүүгө байланышкан жоболор боюнча тараптардын пикирлери келишкен эмес. Мындай жагдайды жөнгө салуу максатында парламент өкмөттүн долбоору менен депутаттык топ сунуштаган долбоорду бириктирип иштеп чыгууну, ал үчүн биргелешкен комиссия түзүүнү Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетке тапшырган.

XS
SM
MD
LG