БИШКЕК. 26-27-июнда Чолпоната шаарында 3-инвестициялык саммит өтөт деп билдирди вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев 23-июнда журналисттерге берген маалымат жыйынында. Саммиттин ишине президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, эларалык финансы уюмдарынын, элчиликтердин өкүлдөрү жана инвесторлор катышары күтүлүүдө. Саммиттин ардактуу мейманы катары чакырылган Орусиянын экс-премьер-министри Егорь Гайдар Орусиянын салык реформасынан алынган тажрыйба боюнча сөз сүйлөйт. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, саммитте 3-инвестициялык матрицанын алкагында акыркы 2 жылда жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 4-инвестициялык матрицанын долбоору талкууланат. Вице-премьердин билдиришинче, 3-инвестициялык матрицанын алкагында 60тай мыйзам долбоору даярдалып, анын 20 пайызы кабыл алынган жана чет элдиктер үчүн виза режими жеңилдетилген. «Учурда түз инвестиция ички дүң продуктынын 7 пайызын түзөт жана Жапон өкмөтүнүн колдоосу менен түзүлүп жаткан түз инвестиция тартуу боюнча агенттик 3 жылда анын көлөмүн 10 пайызга жеткирүүгө тийиш», деп билдирди Жоомарт Оторбаев.