БИШКЕК. Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев 23-июнда иш сапары менен Москвага жөнөп кетти. Иш учурунда Э.Топоев Орусия коргоо министри Сергей Иванов менен жолугушуп, жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерий аба күчтөрүн «Кант» аба майданына жайгаштырууга байланышкан уюштуруу маселелерин талкуулайт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Болжолдуу маалыматтарга караганда, «Кант» аба майданына жамааттык коопсуздук келишиминин алкагында Орусиянын аскерий аба күчтөрүн жайгаштыруу тууралуу макулдашууга тараптар июль айынын алгачкы он күндүгүндө Бишкекте кол коёру күтүлөт. Ал эми учурда Бишкекте иш сапары менен жүргөн жамааттык коопсуздук кеңешинин баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстандын тиешелүү жетекчилиги менен талкуулоодо. Ал 24-июнда президент Аскар Акаев менен жолугушаары болжолдонуп жатат. «Кантка» аба күчтөрүн жайгаштырууга байланышкан алгачкы сынак өткөн жылдын 4-декабрында Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун катышуусунда өткөн.