Алгачкы иликтөөлөр жүк багытталган судандык компания иш жүзүндө жок экенин көргөздү. Грециянын чек ара кызматы кечээ өлкөнүн аймактык сууларынан токтоткон кеменин бортунан 680 тонна жардыруучу зат табылган. Кеме Комор аралдарынын желеги менен жүргөн, бирок анын экипажы Украинанын жана Азербайжандын жарандары болуп чыкты.