Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

БУУнун башкатчысы Израил менен Палестинаны тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратпоого чакырды


Кофи Аннан бул тууралуу Иорданиядагы дүйнөлүк экономикалык форумдун жабылышында сүйлөгөн учурунда айтты. Израил менен Палестинанын өкмөт башчылары "Жол картасы" тынчтык планын аткарууга убада берген ушул айдын башынан бери эле алтымыштан ашуун адам каза тапты.Бүгүн жөөт жана палестин өкүлдөрү коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Палестин жетекчилиги "Хамас" уюму Израил менен убактылуу элдешүүгө көнөт деген ишенимде. Бирок, "Хамас"тын негиздөөчүсү шейх Ахмед Яссиндин билдиргенине караганда, алардын жообу Израилдин чабуулдарынан улам кечеңдөөдө. Ак үй ушул аптанын соңунда Жакынкы Чыгышка АКШнын Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчи Кондолиза Райс келерин билдирди.

XS
SM
MD
LG