Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

Судан жардыргыч заттарды тарткан кемеден баш тартты


Грециянын бийликтери Суданга чоң көлөмдөгү жардыргыч заттарды ташып бараткан кеменин украиналык жана азербайжандык экипажы кармалганын маалым кылды.
Өлкөнүн Деңиз соода министри Георгий Аномеритистин билдиришинче, Комор аралдарынын желеги астында жүргөн “Балтика асманы” деген кеме 680 тонна динамит тартып бараткан жана ал жөнүндө маалыматты грек бийликтеринен жашырып койгон.
Жекшемби күнү түн ичинде кармалган кеменин документи боюнча жүк судандык фирмага таандык болгон. Бирок, Судан бийликтери өлкөдө андай фирма жок деп жооп берген.
Министр ошондой эле кеме акыркы алты жумада Албания, Тунис жана Түркия ортосунда тынбай каттап, шек туудурганын көңүл бөлдү.

XS
SM
MD
LG