Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:20

Ирак армиясынын мурдакы аскерлерине жөлөк пул төлөнөт


Ирак армиясынын мурдакы мүчөлөрүнө келерки жумадан тартып жөлөк пул төлөнө баштайт.
Ирактагы АКШлык граждандык администрациянын коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Вольтер Слокомбинин маалымдашынча, жөлөк пул мурдакы аскер адамдары жумушка орношконго чейинки “өткөөл мезгилде” гана төлөнөт.
Ирак армиясы өткөн айда таркатылган.
Ал эми Ирак армиясынын 12 миң колдуу жаңы дивизиясын түзүү, Слокомбинин айтышынча, бир жылдын ичинде аяктайт.

Иракта сапарда жүргөн америкалык таасирлүү сенаторлордун айтымында, АКШлык аскерлер Иракта беш жыл же андан да көп убакка калышы ыктымал.
“Иракты реконструкциялоо иштери өлкөнүн мунай өнөр жайы тапкан кирешеден бөлөк да жүз миллиондогон доллар акчаны талап кылат. Жетпеген каражатты эл аралык коомчулук, анын ичинде Кошмо Штаттары төлөөгө мажбур” деди демократ-сенатор Жозеф Байдн.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Ирактын Сирия жак чек арасында болгон жардыруудан мунай боросу жабыркады. Өткөн жуманын соңунда Ирактын Хит шаарчасында да мунай боросу жардырылган.

XS
SM
MD
LG