Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

АКШлык аскерлердин сириялык чек арачылар менен аткылашуусу


Саддам Хусейндин мурдагы өкмөтүнүн даражалуу мүчөсүнө таандык деп шектелген кербенди кууп бараткан АКШлык күчтөр кербенге чабуул жасаганда, сириялык бир нече чек арачы жарадар болгонун АКШнын аскерий жетекчилиги маалымдады.
Чабуул учурунда бир нече ирактык өлтүрүлүп, дагы башкалары туткунга алынган.
Ал эми кабарларга караганда, АКШлык күчтөр менен сириялык чек арачылардын аткылашуусу, америкалык аскерлер шектүү автокербенди кууп баратканда болгон.
АКШлык ырасмий булактар аткылашуу өткөн шаршемби күнү Ирактын батышындагы Сириянын чек арасына жакын жердеги Кайм шаарчасынын жака белинде болгон деп билдирди.

XS
SM
MD
LG