Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

ШАХРЕЗАДА АСКАРОВА: «ЫРЛАРЫМ – МЕНИН МАХАБАТЫМ»


«Ырларым – менин махабатым, маңдайыма жазган бактым, өзүңдөн таткым келет, өмүрүмдүн ырахатын» деп, чейрек кылымдан бери ыр дүйнөсүнөн бактысын таап, жаагын жана ырдап, ар кыл муундагы угармандардын терең урматына бөлөнгөн мукам үндүү, белгилүү эстрада ырчысы - Шахрезада Аскарова.

Дүйнөлүк көөнөрбөс мурас «Миң бир түндүн» башкы каарманы Шахрезаданын ысымын алып жүргөн бүгүнкү улуттук эстрада ырчыларынын чебери, ардагери аталган шайырдын шыгы өтө эрте ойгонот. Анын тутанышына Сокулуктагы Төшбулак орто мектебинин алдында уюшулган ыр-шыгыр (хор) ийрими уютку болот. Табигый музыкалык шыктагы секелек кыз 3-4-класстан тартып мектептин, айылдык клубдун сахнасында балдар, Атамекен, эл, жер, ата-эне жөнүндөгү обончулардын, композиторлордун ырларын аткарат. Айрыкча ал индустардын көркөм фильмдериндеги ырларды жаттап алып, бийлеринин коштоосунда угармандардын руханий жан-дүйнөсүн асылданта ырдайт. Он жылдык мектепти бүтөөрү менен Ленинграддагы музыкалык-педагогикалык окуу жайына өтөт.

Ал эми жаш ырчынын алгачкы кесиптик чыгармачылык жолу ошол кездеги ар бир орто жана жогорку окуу жайларынын алдына салттуу түрдө уюшулган аваздык-аспаптык топтон башталат. Ачык айтканда, Ш. Аскарованын ырчылык тушоосу Бишкектеги Финансы техникумунун «Толкун» аттуу чакан эстрадалык жамаатында кесилет. 1982-жылы ал Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын «Наристе» аттуу аваздык-аспаптык эстрадалык ансамблине сынактын негизинде иштөөгө кабыл алынат.

Республикадагы репертуарларынын маңыздуулугу, көркөмдүүлүгү, аткаруучулук бийик чеберчилиги жагынан эч бир топту алдына чыгарбаган нукура профессионалдуу жааматтан жаш ырчы угуучулардын алдында өзүн кармоонун, сахнада алып жүрүүнүн, ырдоонун, үндү таптоонун, репертуарды тандоонун чоң мектебинен өтөт. Дээринде бар тубаса музыкалык угумдагы Ш. Аскарова көркөм жетекчинин айткандарын эки дебей аткарып, бат эле угармандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болот. Зоболосу көтөрүлгөндөн көтөрүлөт.

- Шахрезада айым, өзүңүздүн аткарган ырларыңыздын ичинен айрыкча берилип да, эргип да ырдаган ырыңыз барбы? Болсо кайсыл ыр?

- Мага өзүм «жонун басып, тишин ачып» дегендей обончулардан тандап алган жана ырдаган ырларымдын баарысы жагат. Ар бир аткаруучу «ар бир ырым элге жетсе экен» деген чоң тилек менен, бүтүндөй жан-дүйнөсү менен аткарат. Ачык айтсам, мен да ырдаган ырларымды он ай көтөрүп, омурткамды сыздата төрөгөн балдарымдай көрөм. Бирок, ошондой болсо да ар дайым концерттерде угуучулар сураган, кайта-кайта уккусу келген жана өзүм да өзгөчө берилип аткарган ырым бар. Ал обончу Атайбек Бөдөшовдун «Шай-шай» («Көктөм ыры») деген көңүлдүү, шайыр обондогу чыгармасы.

Баса, Аскарова Бөдөшовдун «Шай-шай» («Көктөм ыры») аттуу ырын артыкча берилип, өзгөчө чеберчиликте мукамдуу ырдагандыктан, ар бир концертте угармандар сурашып угушкандыктан жаш шайырлар Шахрезаданы «Шай-шай көйнөкчөн эже» дешет. Аскарова башка эстрада ырчыларынан үнү, аткаруучулук чеберчилиги менен эле эмес, репертуары жагынан да бөтөнчө өзгөчөлөнөт. Алсак, ал чейрек кылымдан бери тек гана түрдүү жүрүштөрдөгү, мүнөздөрдөгү, ыргактардагы махабат ырларын даңктап, жар салып келет. Алсак «Жалгыз уя», «Махабат деген муңум бар», «Сезимдин кумарысың», «Махабатым», «Алтыным», «Ак сүйүүм», «Ашыктык ыры», «Тамаша» аттуу ж.б. лирикалык ырлар. Белгилүү ырчынын мукамдуу үнү КМШ өлкөлөрүнүн бардыгында, Индияда, Лаосто, Вьетнамда, Кытайда ж.б. чет өлкөлөрдө жаңырды. Бейтааныш угуучулардан да өз баасын алды.

- Шахрезада айым, азыркы угуучулар аткаруучулардан кандай ырларды күтүшөт?

- Азыр өзүңүз жакшы билесиз, «ѳйдө тартса өгүз ѳлгѳн, ылдый тартса араба сынган» заманда жашап жатабыз. Экономикабыз өнүкпөй эле, күндөн-күнгө төмөндөгөндөн төмөндөп келатат. Мындай кыйынчылыктар карапайым эле эмес, биздей чыгармачыл адамдарга да терс таасирин тийгизүүдө. Айыл-апага гастролго чыкканда «өлбө, өлбө жаным» дешип, өп-чап бир күндүк турмуш менен жашап жаткан улутташтарымды көргөндө кабыргам кайышып, зээним кейит. Ошондуктан бүгүнкү күндө элдин көңүлүн ачып, алаксытып, жан дүйнөсүн соорото турган шайыр чыгармалар керек.

- Чейрек кылымдан бери сахнанын төрүнөн түшпөй ырдап келе жатасыз. Тажрыйбалуу, көптү көргөн-билген чебер ырчы катары азыркы жаш аткаруучулар жөнүндө жеке оюңуз?

- «Көрө-көрө көсөм болот» дегендей, көп жылдан бери эл аралап, таланттуу, тажрыйбалуу сахнанын залкарлары менен иштешип келе жатам. Алардан көптү үйрөндүм, билбегендеримди билдим. Азыркы күндө жакшынакай топтор уюшулуп, таланттуу жаштар өсүүдө. Бул абдан жакшы. Антсе да алардын арасында акчанын күчү менен жылтыр-мылтыр кийим кийип, сахнада жакшы көрүнгөн ырчылар бар. Бирок алардын сырты жылтырак, ичи калтырак. Алсак, сахнада жакшы көрүнгөн жаштарыбыз көчөгө чыкканда, элге аралашканда таптакыр башкача, терс көрүнүшкө ээ болууда. Алардын баскан-тургандарынын, жүрүм-турумдарынын жаман жактары оркоюп көрүнүп калып атат. Бул, менимче, алардын ички рухий байлыгын тайкылыгы, маданиятынын жоктугу. Ошондуктан кесибиңди мыктылап билиш үчүн талбай изденип, такай өз алдынча окуп, үйрөнүшүң керек. Сахнада кандай сулуу болсоң, коомдо да ошондой сулуу болушуң керек. Ар бир жаш шайыр артисттик наамды ыйык тутушу зарыл. Себеби ал - угуучуларга рухий дөөлөттүн, маданияттын булактарын жайылтып, таратып жаткан инсан. Ошондуктан ырчыларыбыз карапайым калк үчүн бардык жагынан үлгү болушу абзел.

Шаңкылдаган шайыр үндүү Шахрезада Аскарова - башка ырчылардай алынып-жулунбаган, өзүн токтоо, сыпайы кармаган топуктуу айым. Ал алиге чейин аудиокассеталарын, компакт-дискаларын чыгармак тургай, Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын алтын казынасына аткарган ырларын да жаздыра элек. Бар болгону эки-үч ыры гана тасмага түшүрүлгөн. Республикада, чет өлкөлөрдө өткөн сынактарга, фестивалдарга чакырса барат, чакырбаса башкалардай шыйрагы үзүлгөнчө чуркабайт, жулунбайт. «Кудай-Таалам маңдайыма эмне жазса, ошону көрөм» деп ар дайым ток пейил жүрөт.

Азыркы учурда таанымал эстрада ырчысы - уулу Рустам экөө «Шахи» аттуу үй-бүлөлүк эстрадалык топ уюштуруп, «Кудай буюрса, күзүндө бетачар концертин беребиз» дешип, түн уйкуларын үч бөлүп, кызуу даярдык көрүп жатышкан кездери.
XS
SM
MD
LG