БИШКЕК. Менчиктештирүү башталгандан бери өлкө боюнча 7039 объект менчик формасын өзгөрткөн жана 2003-жылдын 5 айында 39 объект сатылган. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестиция тартуу боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Анатолий Макаров билдирди. Анын айтымында, объектилердин көпчүлүгү конкурстар жана аукциондор аркылуу гана сатылган. Маалымат жыйынында белгилүү болгондой, 31 акционердик коомдун 300 млн. сомдук мамлекеттик акциясы сатууга коюлуп, алардын ичинен 15 акционердик коомдун акциялары 119 млн. сомго сатылган. Жыл башынан бери 12 курорттук эс алуу жайлары 21,8 млн. сомго бааланып, 31,7 млн. сомго сатылган. Анатолий Макаровдун билдирүүсү боюнча, быйыл өткөн жылдын I кварталына салыштырганда түз инвестициялардын көлөмү 12,5% өскөн.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов