БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Индонезия парламентинин төрагасынын орун басары Прасетая жолугушту. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык маселелери талкууга алынды. Вице-премьер-министрдин айтымында, тараптар азырынча Бириккен Улуттар Уюму баштаган эл аралык уюмдардын алкагында гана иштиктүү кызматташып жатышат, ал эми экономикалык мамилени жакшыртууга мамлекеттердин географиялык алыстыгы, Азия финансы кризисинин кесепети тоскоол болуп келет. Азыркы учурда эки мамлекет туризм, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармактары багытында кызматташууга ниеттенишүүдө. Ушул эле күнү Индонезиянын парламенттик делегациясын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев кабыл алды. Индонезиялык делегациянын мүчөсү Нурдиати Акма эки мамлекеттин саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында кызматташууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.