Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Демократия, адам укуктары жана ишке орноштуруу боюнча бюро Кыргызстандагы адам укуктары боюнча отчетун жарыялады


БИШКЕК. Демократия, адам укуктары жана ишке орноштуруу боюнча бюро Кыргызстандагы адам укуктарынын 2002-жылдагы абалы боюнча отчетун жарыялады. Анда саясий мотив менен өткөн жылдын 8-майында «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун, 5-январда депутат Азимбек Бекназаровдун камакка алынганы жана 17-18-мартта Аксыда беш адамдын милиция огунан каза тапканы сынга алынган. Бюронун отчетуна ылайык, бул окуялар жыл бою жарандардын нааразылык акцияларын өткөрүүсүнө түрткү болгон. Уюмдун ырастоосу боюнча, Конституцияда каралганына карабай, бийлик жарандардын эркин жыйналуу укугуна көп учурда чектөө салып, демонстранттарды камакка алып турган. Отчетто айтылганга караганда, Башмыйзам дин эркиндигине уруксат бергенине карабай, өкмөттүн тандоосу менен «радикалдуу исламдык топ» делген уюмдар мамлекетке коркунуч келтирген күч катары саналып, аларга каршы күрөш жүрүп турган. 700 чет элдик миссионер каттоодон өткөн. Бийлик 20дай миссионердин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган. «Хизбут-Тахрир» партиясына байланыштуу 49 адам камакка алынып, 40 кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG